10

Июнь

2019

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларына арналган иш-чараларга катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларына арналган иш-чараларга катышты.

Замирбек Аскаров «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл койду. Андан соң митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө чогулгандар аза күтүү мүнөтү менен ошол кайгылуу күндөрү көз жумгандарды эскеришти.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан июнь окуяларында каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, андан кийин жалпы куран окулду.

Иш-чаранын катышуучулары Ош шаарындагы турак жайынан ажыраган жарандар үчүн курулган үйлөргө барып, маркумдарды эскерип куран окуп кайтышты.

Иш-чарага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин жетекчилиги, коомдук ишмерлер, каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, түштүк калаанын меймандары жана жашоочулары катышышты.

 [su_carousel source="media: 134002,134003" limit="16" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү