11
Сентябрь
2020
                                Азат Ибраимов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Ибраимов Азат Эмильбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.