27
Февраль
МинКаб башчысынын орун басары Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде 2025-жылы реалдуу сектордун өнүгүүсү жөнүндө баяндама жасады
Бишкек, Ынтымак Ордо, 27-февраль - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер, негизги көрсөткүчтөр жана мындан аркы өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө баяндама жасады.
Ал 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу сектор туруктуу оң динамиканы көрсөтүп, өндүрүштүк потенциалды бекемдегенин белгиледи. Анын айтымында, 2026-жылы өндүрүш көлөмүн мындан ары көбөйтүүгө, инфраструктураны модернизациялоого жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга негизги басым жасалат.
МинКаб башчысынын орун басары бүгүнкү күндө айыл чарба тармагы ИДПнын болжол менен 10%ын түзүп, экономикалык жактан активдүү калктын 20%ке чейинкисин жумуш менен камсыз кыларын кошумчалады. Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 2024-жылы 396,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 459,7 млрд сомго жетип, өсүү дээрлик 63 млрд сомду түздү.
«Биздин негизги максатыбыз - өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана агрардык секторду заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү жана рынокко багытталган тармакка айландыруу. Акыркы жылдары тармакты мамлекеттик колдоону күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жеңилдетилген насыялоонун натыйжалуу системасы киргизилип, максаттуу долбоорлор ишке ашырылууда. 2025-жылы жеңилдетилген насыялоого 12,6 млрд сом бөлүнгөн. Айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасынын сапаттуу чыңдалышын да белгилей кетүү керек. Техниканын жалпы паркы 92 миң бирдикке чейин көбөйдү», - деди ал.
Эрлист Акунбеков ирригация тармагында инфраструктураны модернизациялоо улантылганын белгиледи. 2025-жылы кошумча 4 455 гектар жаңы сугат жерлери пайдаланууга берилип, бул 2024-жылдын көрсөткүчүнөн 22 эсеге жогору. Ирригацияны өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,7 млрд сом бөлүнгөн, анын алкагында 41 объектиде долбоорлоо иштери жана 33 объектиде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. 2025-жылы 40 айылдык калктуу пункт таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 75 миңден ашуун адам суу алууга мүмкүнчүлүк алды. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга бюджеттен 3,7 млрд сом бөлүнгөн. 25 шаарда жана 601 айылда суу менен камсыздоо системасын куруу жүрүп жатат.
Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары энергетика тармагына токтолду.
«Бүгүн Кыргызстан энергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы этабына кирүүдө. Энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча чаралардын комплекси ишке ашырылууда. 2025-жылы Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегатты алмаштыруу, Үч-Коргон ГЭСиндеги гидроагрегатты алмаштыруу, жалпы кубаттуулугу 44,6 МВт болгон 8 кичи ГЭСти ишке киргизүү, Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясын ишке киргизүү аркылуу орнотулган кубаттуулук 213,6 МВтга көбөйдү. 2025-жылы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы CASA-1000 долбоорунун электр берүү линиясы пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, Камбар-Ата ГЭС-2де кубаттуулугу 120 МВт болгон экинчи агрегатты ишке киргизүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 80,6 МВт болгон 13 кичи ГЭСти жана кубаттуулугу 850 МВт болгон күн электр станцияларын ишке киргизүү пландаштырылууда», - деди ал.
Тоо-кен өнөр жайы жөнүндө сүйлөп жатып, Эрлист Акунбеков акыркы жылдары тармак туруктуу оң динамиканы көрсөтүп, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи. Тоо-кен ишканаларынын салыктык төлөмдөрү төмөнкүдөй болду:
2024-жылы – 41,5 млрд сом, 2025-жылы – 65,4 млрд сом (өсүү 58%). Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары курулуш тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 2025-жылы жалпы аянты 3,5 млн чарчы метр болгон объектилер пайдаланууга берилсе, 2024-жылы 2,0 млн чарчы метр пайдаланууга берилген. Өткөн жылы 291 социалдык объект пайдаланууга берилген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 61 объектке көп. Пайдаланууга берилгендер: 129 мектеп, 60 бала бакча, 26 саламаттыкты сактоо объектиси, 35 маданият жана спорт объектиси, 41 башка социалдык инфраструктура объектиси. 2025-жылга карата курулуп жаткан объектилердин реестрине 3 814 жаңы объект киргизилген (2024-жылы – 3 567).
Анын айтымында, 2025-жылы «Менин үйүм» турак жай программасынын алкагында курулушту каржылоого 40,2 млрд сом багытталган, бул 2024-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Учурда өлкөнүн аймактарында 80 660 батирдин курулушу жүрүп жатат, бул турак жай фондун масштабдуу кеңейтүүнү камсыз кылат.
МинКаб төрагасынын орун басары өз докладында транспорт тармагын өнүктүрүүгө токтолду. 2025-жылы 1 545 км ашык асфальт-бетон төшөлгөн, бул 2024-жылдын көрсөткүчүнөн эки эсе көп. Республикалык бюджеттен жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 43,4 млрд сом багытталган. Балыкчы-Кочкор темир жолу Кочкор станциясына чейин жеткирилип, 43 км негизги конструкциялар курулду. 2025-жылдын августунда узундугу 150 км болгон Барскоон-Бедел автожолунун курулушу башталды.
Эрлист Акунбеков өз сөзүнүн аягында авиация тармагындагы маалыматтарды берди. Аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. Авиапаркты Q400 үлгүсүндөгү учак менен толуктоо, ошондой эле эки Airbus A321 учагын сатып алуу пландаштырылууда. Ички аэропорттук инфраструктураны модернизациялоого 8 млрд 400 млн сом багытталган. Учурда 11 аэропорт сертификациядан өтүп, штаттык режимде иштеп жатат.