25

Февраль

2026

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер аныкталды.

Коллегиянын мүчөлөрү санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчетторду сунушташты, ошондой эле ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана ишканалардын – Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Архив кызматынын, «Түндүк» ААКсынын, «Кыргыз почтасы» ААКсынын жана «Кыргызтелеком» ААКсынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары өз сөзүндө санариптик трансформация мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгына түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.
Коллегиянын жыйынтыгында санариптик реформаларды тездетүү, мамлекеттик сервистерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын заманбап санариптик инфраструктурасын түзүү боюнча мындан аркы багыттар аныкталды.