24
Февраль
Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди
Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Маданият, искусство жана спорт тармагын мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Документке ылайык, Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасынын бюджети, Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун мониторинг жана баалоо индикаторлорунун матрицасы да бекитилген.
Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүнүн негизги максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктайт. Программанын максаттары болуп жарандардын маданий баалуулуктарга жана чыгармачылык менен өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, жарандык өздүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле маданияттын социалдык өзгөрүүлөрдүн жана республиканын экономикалык өнүгүү процесстерине тийгизген таасирин күчөтүү саналат.
Программа ошондой эле региондор аралык маданий байланыштарды чыңдоого, маданий демилгелерди интеграциялоого көмөктөшүүгө жана жарандардын республиканын маданий турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Программа 6 артыкчылыктуу багыт боюнча 30га жакын иш-чараны камтыйт.
Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилерине иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.