16
Декабрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында турак-жай комплекстеринин курулушун баштап берди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор шаарда бир катар турак жай комплекстеринин курулушунун башталышына арналган аземге катышты.
Турак-жай комплекстеринин курулушу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылууда.
Министрлер Кабинетинин башчысы «Тянь-Шань бермети» турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземинде өлкөдө курулуш секторунун активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, жаңы турак жай комплекстеринин курулушунун башталышы шаардын өнүгүшүнө жаңы импульс берерине ишенимин билдирди.
«Бул турак жай комплекси ар кандай бийиктиктеги – 23 кабаттан 34 кабатка чейинки 11 блоктон турат. Мындай бийик имараттар шаарыбызды көрктөндүрүп гана тим болбостон, архитектуранын заманбап талаптарга жооп берерин да тастыктайт. Курулуп жаткан турак жай комплекси өзүнүн функционалдуулугу менен гана эмес, уникалдуу архитектуралык көрүнүшү менен да айырмаланат. Заманбап дизайн, эстетикалык формалар жана шаардык чөйрөнү шайкеш пландаштыруу бул объектини шаарыбыздагы эң кооз жана престиждүү объектилердин бирине айлантат. Келечекте комплекс шаардын маанилүү ориентири, эсте каларлык, таанымал жана символикалык объектиси болуп калат», - деди ал.
Комплекс 1281 батирге ылайыкталган, жалпысынан 11 блок курулат. Батирлердин жалпы аянты 80 958 м2 түзөт.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев «Теңир-Тоо жарыгы» турак жай комплексинин курулушуна капсула салды. Комплекс 1064 батирден, 19дан 34 кабатка чейинки 4 блоктон турат.
«Долбоордун өзгөчөлүктөрүнүн бири – комплекстин курамында заманбап соода борборунун жана улуттук стилде курулган мейманкананын болушу. Соода борбору күнүмдүк муктаждыктарды канааттандыруудан тышкары, шаар тургундары үчүн эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн да сунуштайт. Ал эми улуттук мейманкана кыргыз элинин маданий мурастарын жана салттуу архитектуралык элементтерин заманбап чечимдер менен айкалыштырып, районго өзгөчө көрк жана өзүнчөлүк берет», - деди ал.