28
Октябрь
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 28-октябры – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасында иш сапары менен жүргөн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана энергетика, инфраструктура, жеке секторду колдоо сыяктуу негизги тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.
Адылбек Касымалиев ЕРӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө токтолду: ИДП быйылкы жылдын тогуз айында 10%га өстү жана 2030-жылга карата ИДПны 30 миллиард долларга жеткирүү боюнча амбициялуу максатты белгиледи.
МинКаб Төрагасы Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги багыттарына токтолду, алар масштабдуу индустриялаштыруу, аймактык хабды өнүктүрүү, айыл чарбасын колдоо, туризмди стимулдаштыруу, жашыл энергетиканы артыкчылыктуу өнүктүрүү.
Приоритеттүү инфраструктуралык долбоорлордун арасында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан стратегиялык темир жолунун курулушу, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору жана башка ири демилгелер аталды.
Өз кезегинде Маттео Патроне Кыргыз Республикасынын экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн жогору баалап, жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанисин белгиледи. Ал ЕРӨБ өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун ырастады жана МинКаб Төрагасы белгилеген приоритеттүү багыттар боюнча кызматташууга өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык пландаштырылган багыттар боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.