14
Октябрь
2024
                                МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Пакистан Ислам Республикасына жумуш сапар менен барат
 
                            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 15-16-октябрында, жумуш сапар менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына барат.
Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат. Мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөөрү күтүлүүдө.