Министрлер Кабинетинин 23.02.2026-жылдагы №128 токтому

2026–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы № 193 “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;

2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы)
 2-тиркемеге ылайык;

3) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасынын бюджети
 3-тиркемеге ылайык;

4) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери:

1) Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;

2) Иш-чаралар планынын аткарылышына туруктуу талдоо жана мониторинг жүргүзсүн; 

3) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине
 Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:

1) Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;

2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.

4. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте жана жергиликтүү бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1-тиркеме..pdf

2-тиркеме..pdf

3-тиркеме..pdf

4-тиркеме..pdf

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                  А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу