Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 «2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү жөнүндө толук, объективдүү жана анык маалыматты алуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 «2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы «2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки» деген сөздөр «2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейинки» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календардык планында:
– 2-пункттагы «2025-жылдын августуна чейин» деген сөздөр «2026-жылдын мартына чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 11-пункттагы «2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин» деген сөздөр «2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 14-пункттагы «2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 25-ноябрына чейин» деген сөздөр «2026-жылдын 1-январынан 15-апрелине чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 18, 19-пункттардагы «2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин» деген сөздөр «2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 20-пункттагы «2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин» деген сөздөр «2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 21, 22, 23, 24, 25-пункттардагы «2024–2025-жылдар» деген сөздөр «2026-жыл» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2025-жылы айыл чарбасын каттоо боюнча уюштуруучулук-методологиялык ишти камсыздоого убактылуу тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн өлчөмдөрүндө:
– 7, 8-пункттардагы «2025-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-мартына чейин» деген сөздөр «2026-жылдын январынан апрелине чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 9, 10, 11, 12-пункттардагы «2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин» деген сөздөр «2026-жылдын февралынан апрелине чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев