Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө
“Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 21-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
13-февралындагы № 55 “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин жактыруу жөнүндө” токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
9-сентябрындагы № 504 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун
6-пункту. - Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев