Мамбеталиев Мирбек Кемелович

Мамбеталиев Мирбек Кемелович

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри

Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика адистигин аяктаган. 

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу багытында магистр даражасына ээ болгон. 

Эмгек жолу: 

2003-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” акционердик коому болгон соң, финансы экономикалык бөлүмүндө жетектөөчү адис, финансы-экономикалык секторунда сектор башчы, финансы бөлүмүндө башкы адис, бөлүм башчы; 

2007-2008-жылдары – Ысык-Көл району боюнча чакан жана орто бизнести колдоо бөлүмүндө аткаруучу директор;

2008-жылы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин мониторинг жана маалымат бөлүмүндө бөлүм башчы;

2008-2010-жылдары – Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында Мамлекеттик администрация башчысынын жардамчысы;

2010-жылы – Ысык-Көл микрокредиттик агенттигинде башкы директор;

2010-2014-жылдары – “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясынын финансы бөлүмүнүн башчы; башкармалыктын мүчөсү, финансылык директору;

2014-2015-жылдары – “Кыргызкурулуш” Финансалык өнөр жай тобу ЖЧКсында жетекчинин орун басары;

2015-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант;

2015-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;

2017-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын кеңешчиси; 

2018-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси; 

2018-2019-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 Мамлекеттик Резиденциясы” мамлекеттик мекемесинин директору 

2019-2020-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин №1 Мамлекеттик Резиденциясы” мамлекеттик мекемесинин директору; 

2020-2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын биринчи орун басары; 

2022-2023-жылдары – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси; 

2023-2025-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө мамлекеттик инспектор, сектор башчы, бөлүм башчынын орун басары;

2025-жылдын февраль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри.