Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна
Агартуу министри
1986 – 1991-жж. - Кыргыз мамлекеттик университети. Тарых жана коомдук илимдер мугалими.
Эмгек жолу:
1982-1985-жж. - «Оргочор» асыл тукум чарбасы, жумушчу;
1987-1997-жж. - Жети-0гуз районундагы Ю. Гагарин атындагы орто мектеби, Тарых жана экономика мугалими;
1997-2001-жж. - Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту. Облустук мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясынын башчысы;
2001-2002-жж. – АӨБ “Коомчулук деңгээлинде балдарды эрте куракта өнүктүрүү” долбоорунун аймактык билим берүү боюнча облустук консультанты;
2002-2003-жж. - Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча облустук институт. Эл аралык мамилелер жана инвестиция тартуу боюнча лаборатория. Тарых жана экономика боюнча методист, лабораториянын башчысы;
2003-2004-жж. - Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, Жети-Өгүз районунун жетекчиси– акиминин биринчи орун басары;
2004 -2007-жж. - Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;
2007-2012-жж - Ысык-Көл облустук билим берүү институту, облустук билим берүү уюмдарынын директору, координатору;
2012-2014-жж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, министрдин орун басары;
2014-2023-жж. - «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, аткаруучу директор;