Ажикеев Бообек Эргешевич

Ажикеев Бообек Эргешевич

Өзгөчө кырдаалдар министри

1965-жылдын 19-августунда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

Билими жогорку.1987-жылы Томск шаарындагы инженердик-курулуш институтун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.

2010-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин “бухгалтериялык эсеп, талдоо жана аудит” адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1987-1988 жж. – Ново-Покровка Ремонттук-куруу башкармалыгында куруучу;

1988-1994 жж. –«Ошагропромкуруу» бирикмесинин инженери;

1996-2005 жж.- «Кызмат» коомунун аткаруучу директору;

2006 - ж.- «Кызмат» коомунун директору;

2006-2008 жж. - «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин башкы адиси;

2008-2011 жж. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчилик кызматта иштеген;

2011-2013 жж. - Борбордук Азиядагы Америка Университетинин кеңешчилер тобунун жетекчиси;

2013-2014 жж. - “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетиканы координациялоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2014-2015 жж. - “Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетика департаментинин жетекчиси;

2015-2017 жж. - Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Курулуш департаментинин жетекчиси;

2020-жылдын 14-октябрынан тартып - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.